• 87.86
  • 93.94
  • 1

Тажикстанда көркөм кинотасмалардагы уяттуу көрүнүштөргө тыюу салынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.01.19 /Кабар/. Мындан ары Тажикстандын мамлекеттик телеканалдары көркөм тасмаларды катуу текшерип, уяттуу көрүнүштөрү бар кадрларды алып салат. Телеканалдардын жетекчилиги бул улуттук баалуулуктарга доо кетирет деп эсептейт.

Бул демилгени бир жыл мурда эле “Тажикфильм” киностудиясы сунуштаган. “Тажикфильмдин” жаңы уставында кинотасмалардагы адеп-ахлактуулукту коргоо жөнүндөгү атайын пункт өкмөт тарабынан колдоо тапты. Ага ылайык, киностудия көркөм тасмаларды гана жаратпастан, жергиликтүү жана чет элдик фильмдердеги уяттуу көрүнүштөрдүн алынып салынышын көзөмөлдөйт.

Тажик режиссеру Искандар Усмон бул демилге интеллектуалдык жеке менчик жөнүндө мыйзамга карама-каршы келет деп эсептейт. Анын айтымында, бул аракеттерден майнап чыкпайт:

– Совет доорунда ушундай чараларды кабыл алуу мүмкүн эле, азыр болсо Интернетте көптөгөн ачык фильмдер бар.

Пикир

Оставить комментарий