• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Тажикстанда мамлекеттик кызматкерлер эртең мененки көнүгүүлөрдү жасоого милденттендирилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.03.18 /Кабар/. Тажикстандын баардык мамлекеттик мекеме, уюмдарынын кызматкерлери ишемби күндөрү эртең мененки көнүгүүлөрдү жасашат.

Бул тууралуу Тажикстандын жаштар жана спорт боюнча комитетинин жетекчиси Ахтам Абдуллозода билдиргенин Fars агенттиги жазды.

Абдуллозоданын айтымында, мамлекеттик мекемелерге мындай тартип киргизүүнүн максаты - дени сак жашоо образын жана дене тарбияны үгүттөө болуп саналат. Тажикстандын Президентинин Аппараты бул иш-чаранын программасын бекитти, ага ылайык эртең менен көнүгүүлөр жылдын аягына чейин ар бир ишемби күнү өткөрүлөт деди ал. “Мисалы, өткөн ишемби 10-мартта өлкөнүн инженердик комитетинин кызматкерлери эртең менен көнүгүүлөрдү жасашты” , -деп белгиледи жаштар комитетинин жетекчиси.

Советтер Союзу учурунда бир жумада бир күн жумуш күн эртең мененки спорттук көнүгүүлөрдү жасоо менен башталчу. Айрыкча, дене тарбиянын мындай түрү советтик мектептерде массалык түрдө тараган. Советтик окуучулар сабак башталганга чейин 20 мүнөт бир жумада бир жолу спорттук көнүгүүлөрдү жасашчу.

Булагы: CA-IR NEWS

Пикир

Оставить комментарий