ТИМде министр Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы астында кезектеги коллегия өттү

Коом 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Бүгүн Тышкы иштер министрлигинде министр Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы астында Коллегиянын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Анын алкагында КР министрлер кабинетинин 2024-жылга иш-аракеттер планынын аткарылышынын жүрүшү жана Тышкы иштер министрлигинин координациялоочу ролу жөнүндө КР президентинин жарлыгын ишке ашыруунун аралык жыйынтыктары каралды.

Министрликтин коллегия мүчөлөрү ведомство линиясы боюнча министрлер кабинетинин Иш-аракеттер планын аткаруусуна байланыштуу эң маанилүү маселелерди талкуулашты.

Иш-аракеттер планында коюлган максаттарга жетүү жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү активдештирүү боюнча министрликтер жана ведомстволор менен биргелешкен ишти күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Коллегия ошондой эле КР президентинин ТИМдин координациялоочу ролу жөнүндө жарлыгын ишке ашыруунун аралык жыйынтыктарын карап чыгып, мамлекеттик органдардын эл аралык иштерде натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууда жана координациялоодо болгон маселелерди талкуулады.

Отурумдун жыйынтыгында ТИМнин коллегиясынын төрагасы жана тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев тарабынан тиешелүү тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий