• 87
  • 90.41
  • 0.84

ТМКК баш катчысы Тажикстандын агрессиясын сындап, КРнын кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү аракетин колдоду

Саясат 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) башкы катчысы Багдад Амреев кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаалга байланыштуу тынчсыздануусун билдирет жана ок атууну тез арада токтотууга, чыр-чатактуу кырдаалды саясий жана дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө чакырат. Бул тууралуу ТМККнын башкы катчысынын кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу тараткан билдирүүсүндө айтылат.

"Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы курал-жарактардын жай тургундарга, жарандык инфраструктуралык объекттерге, анын ичинде мектепке каршы агрессия менен колдонулушун сындайт. Сабырдуулук менен мүмкүн болгон бардык каражаттарды ишке салып, чыңалууну басаңдатууга чакырат. Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңеши кырдаалга көз салып турат жана Кыргызстандын кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү аракетин колдойт", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилген.

Кечээ, 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн.

Бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Саат 08:00гө карата Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасынын, Лейлек районундагы Кулунду, Достук, Максат, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин жана Жаңы-Жер аймактарынын тургундары коопсуз жерге эвакуацияланууда.

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болууда.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жалпы тогуз адам жабыркады: алты аскер кызматкери жана үч жай тургун (бирөө 11 жаштагы өспүрүм).

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан 42 кыргызстандык жабыркады.

УКМК тажик тарап оор бронетехниканы, залптык реактивдүү системаларды (РСЗО) жана авиацияны колдонуп жатканын билдирди. Ошондой эле алар чек арага жакын жашаган тургундарын “тирүү” калкан катары колдонууда.

Пикир

Оставить комментарий