Тоң районунун айылдарында мыйзамсыз курулуштар алынууда

Аймак 0

Бишкек, 08.06.24. /Кабар/. Тоң районунун Кажы-Сай айылынында жайкы туристтик мезгилге даярдануу максатында Күн-Чыгыш айыл өкмөтү тарабынан муниципалдык пляждагы мыйзамсыз курулмаларды алдыруу иштери жүрүп жатат.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мыйзамсыз курулуштар Тоң районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын көрсөтмөсүнүн негизинде алынууда.

Мындан тышкары, Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын борбордук көчөсүндө мыйзамсыз курулуштар алынууда.

Пикир

Оставить комментарий