Бишкек, 09.11.23. /Кабар/. Улугбек Кожобергенов Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматынын директору – Кыргызстандын башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору болуп дайындалды.
Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, тийиштүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Буга чейин 24-октябрда аталган кызматтын директору Аширбай Жусупов “Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө” КР Конституциялык мыйзамына ылайык ээлеген кызматынан бошотулган.
Пикир
Оставить комментарий