• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Назарбек Малаев экономика министринин орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Назарбек Малаев КР экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка үстүбүздөгү жылы 3-мартта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Бүгүн КР президентинин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Жетиген Бакиров министрликтин борбордук аппаратына министрдин жаңы орун басарын тааныштырды.

Иш-тажрыйбасы:
- 2022-2023-жылдары КР президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча бөлүмүнүн эксперти;
- 2021-2022-жылдары КР президентинин администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн эксперти;
- 2021-жылы КР президентинин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн эксперти;
- 2019-2021-жылдары КР Экономика министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын тарифтик эмес жөнгө салуу жана экспорттук контролдоо бөлүмүнүн башчысы;
- 2017-2019жылдары КР Экономика министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын лицензиялоо бөлүмүнүн башкы адиси, башчысы;
- 2017-жылы КР Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин талдоо жана инновациялар секторунун башкы адиси;
- 2016-2017-жылдары КР Финансы министрлигинин стратегиялык пландаштыруу, макроэкономикалык талдоо жана мамлекеттик программаларга мониторинг жүргүзүү башкармалыгынын мамлекеттик программаларга мониторинг жүргүзүү секторунун башчысы;
- 2011-2016-жылдары КР Финансы министрлигинин коомчулук менен байланышуу секторунун жетектөөчү адиси, башкы адиси, башчысы;
-2009-2011-жылдары КР Финансы министрлигинин уюштурууну камсыздоо жана протокол бөлүмүнүн адиси

Сыйлыктары:
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Ардак грамотасы (2020);
- Кыргыз Республикасынын премьер-министринин энчилүү сааты (2020);
- Кыргыз Республикасынын президентинин энчилүү сааты (2021);
- Евразия экономикалык комиссиясынын Ардак грамотасы (2022);

Пикир

Оставить комментарий