Ысык-Көлдө Жыргалаң суусуна түшүп кеткен кыздарды издөөгө 218 адам чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көлдө Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 2 кызды издөөгө жалпы 218 адам чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Каракол шаардык жана Түп райондук өрт куткаруу бөлүгүнөн 34 куткаруучу, Ысык-Көл облустук башкармылыгынан 1 офицер, 1 дрон, 2 кайык менен, 10 суучул, 2 моторлуу кайык тартылып, жеринде ӨКМдин облустук башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде штаб түзүлдү.

Мындан сырткары, ИИМден 10 кызматкер, 1 моторлуу кайык, жергиликтүү тургундардан 163 адам, 6 кайык, 1 катер, суу астынан тартуучу эхолот камерасы менен, 1 скутер тартылды.

Белгилей кетсек, күн мурун Түп районундагы Жыргалаң суусуна 6 жана 7 жаштагы эки кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий