• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жакшы кабар! Бүгүн коронавирустан каза болгондор катталган жок

COVID - 19 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Бүгүн коронавирустан каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

"Кудайга шүгүр бүгүн коронавирустан каза болгондор катталган жок. Бирок жер-жерлерде өз алдынча дарыланып же кеч кайрылып оор, өтө оор абалда түшкөндөрдүн саны азайган жок. Бул боюнча Саламаттык сактоо министрлиги, медицина кызматкерлери, жергиликтүү бийлик күчөтүп иш алып барып жатат" , - деди ал.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 119 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 43 миң 245ти түзөт. Алардын ичинен 36 миң 925 киши айыгып чыкты, 1 миң 57 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий