Бишкек, 28.11.24. /Кабар/. Күн мурун президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Жалал-Абад шаарынын Спутник аймактык башкармалыгында жайгашкан №2 саркынды суу тазалоо жайына барып, реконструкциялоо жана ага байланыштуу инфраструктураны жакшыртуу жумуштарынын жүрүшү менен таанышты.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, "Жалал-Абад Сууканал" башкармалыгынын карамагындагы аталган жайды жаңылоо долбоору Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан жүргүзүлүп, жалпы суммасы 5,5 млн еврону түзөт. Курулуш жумуштары аяктаса Жалал-Абад шаарынын аймагынан чыккан саркынды сууларды, азыркы заман талабына ылайык жогорку сапатта тазалоо мүмкүнчүлүгү жаралат.
Облус башчысы жумуш ыргагын жеринен көрүп, жергиликтүү бийлик жана курулушту аткаруучу компания жетекчилигине бир катар тапшрмаларды берди.
Мындан сырткары, ыйгарым укуктуу өкүл сапатка өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын эскертти.
Пикир
Оставить комментарий