• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

13-декабрга чейин Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 06.12.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 7-декабрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Ысык-Көл, көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан, кар жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 7-декабрда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

8-10-декабрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. 8-9-декабрларда болсо Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

11-декабрда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ал эми 12-13-декабрь күндөрү өлкөнүн кээ бир райондордо жаан-чачын жаашы мүмкүн. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий