• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2019-жылы өлкөгө келген түз инвестициялар 876,2 млн долларды түздү

Экономика 0

Бишкек, 11.03.20 /Кабар/. Алдын ала маалымат боюнча, 2019-жылы өлкөгө келген түз инвестициялар 876,2 млн долларды түзүп, 2018-жылга караганда 2,9%га арткан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин инвестициялардын статистикасы бөлүмүнүн башчысы Виктория Бирюкова билдирди.

"Чет өлкөлүк түз инвестициялардын түзүмүндө мурдагы жылга караганда реинвестиция болгон пайданын көлөмү артканы байкалган. Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (87%дан көбү) геологиялык чалгындоого, иштетүү өндүрүш ишканаларына, пайдалуу кендерди казуу ишканаларына, маалымат жана байланыш чөйрөсүнө, ошондой эле финансылык ортомчулук жана камсыздандырууга багытталган. Ошол эле учурда, багытталган инвестициялардын көлөмү маалымат жана байланыш чөйрөсүнө – 2,7 эсеге, геологиялык чалгындоого – 1,8 эсеге, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагына 14,6%га көбөйсө, иштетүү өндүрүш ишканаларына – 1,7 эсеге, пайдалуу кендерди казуу ишканаларына 16,5%га төмөндөгөн азайган", - деди ал.

Ал белгилегендей, КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2018-жылга салыштырмалуу 15,5%га көбөйгөн: Швейцариядан 5,3 эсеге, Кипрден 5 эсеге, Улуу Британиядан 2,6 эсеге, Канададан 17,2%га жана Нидерланддан 9,3%га.

"Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көп үлүшү Кытайга туура келет: инвестициялардын 34,3%ы. Канадага 13,2%, Швейцарияга 11,8%, Түркияга 8,6%, Улуу Британияга 8,3% жана Нидерландга 7,2% туура келет", - деди ал.

Ошол эле учурда ал белгилегендей, КМШ өлкөлөрүнөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын келиши 2018-жылга салыштырмалуу 2,1 эсеге кыскарган: Россиядан 3,7 эсеге, Өзбекстандан 13,1 эсеге. Бирок Казакстандан келген инвестициялар 1,3 эсеге көбөйгөн.

"Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2018-жылга салыштырмалуу Ош шаарында 7,3 эсеге, Жалал-Абад облусунда 1,8 эсеге, Баткен облусунда 1,4 эсеге, Ысык-Көл облусунда 1,3 эсеге көбөйгөн. Ошол эле убакта калган облустарда жана Бишкек шаарында инвестициялардын келиши азайган. Өткөн жылы келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көп үлүшү Бишкек шаарынын ишканаларына – 40%га жакыны туура келет. Жалал-Абад облусуна – 26%дан көбүрөөк, Чүй облусуна – 20%га жакыны, Ысык-Көл облусуна –13%дан көбүрөөк", - деди ал.

Былтыр 2018-жылга салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 5,9%га төмөндөп, 665,4 млн долларды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий