• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

2021-жылы Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 19,5%га өстү

Экономика 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2021-жылы тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 6 млрд 800 млн АКШ долларын түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 19,5%га көп болду. Мындай маалыматтар Экономика жана коммерция министрлигинин өткөн жылдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча коллегиясында айтылды.

Жалпы экспорттун ичинен - ​​1 млрд 610 млн доллар, алтынды эсепке албаганда - 1 млрд 250 млн доллар деңгээлинде, бул 2020-жылга салыштырмалуу 26,7%га көп. Импорттук түшүүлөр – 5 млрд 190 млн доллар деңгээлинде, өсүш – 39,6% болду.

Коллегияда ошондой эле экономикалык жана соода кызматташтыгын кеңейтүү максатында уюштурулган иш-чаралар тууралуу сөз болду.

Алсак, Өзбекстан, Казакстан, Түркия, Түштүк Корея, Венгрия менен өкмөттөр аралык кеңештердин жана комиссиялардын 34 отуруму болуп, анын жүрүшүндө экономиканын ар кыл тармактарында кызматташуу боюнча макулдашууларга жетишилди.

“Өзбекстан-Кыргызстан” бизнес-форумунун жыйынтыгында уставдык капиталы 200 млн АКШ долларын түзгөн Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлдү. Ошондой эле жалпы суммасы 550,4 млн доллардан ашык 60ка жакын биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылган.

Дубайда өткөн бизнес-форумдун алкагында жалпы суммасы 3,2 млн АКШ долларын түзгөн тышкы соода келишимдерине кол коюлду.

Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги менен бирдикте 3 дүң бөлүштүрүү борборун жана 1 өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү жана иштетүү боюнча иштер башталды.

Ошондой эле сооданы өнүктүрүү максатында министрлик Борбор Азия өлкөлөрүнүн экспорттук потенциалын жана аймактык интеграциясын чыңдоо максатында «Борбордук -азиянын Соода Маалымат Порталын» жана Кыргызстандын Маалыматтык соода порталын ишке киргизди.

Пикир

Оставить комментарий