• 88.68
  • 95
  • 0.95

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы КРдагы нефтетрейдерлер менен иштешүүнүн жаңы механизмин сунуштады

Экономика 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргызстандагы нефтетрейдерлер менен иштешүүнүн жаңы механизмин сунуштады.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен нефтетрейдерлер 2023-жылы АИ-92 үлгүсүндөгү бензин жана дизель майы сыяктуу социалдык маанилүү товарлар рыногунда жүргүзүлгөн иштердин олуттуу натыйжасы болушу үчүн биргелешип кызматташуу келишимин түзүштү.

"Кыргызстандын нефтетрейдерлери республикадагы калктын таламдарын эске алып, күйүүчү-майлоочу майлардын баасын адилеттүү кармап, туруктуу камсыз кылат. Ошондой эле КММ баасын негизсиз өсүшүнө жол бербөө үчүн социалдык жоопкерчиликти көрсөтөт", - деп айтылат Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тараткан билдирүүдө.

  • тышкы факторлорду жана монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш болгон ички саясатын эске алуу менен мунайзаттын баасын жана калк үчүн физикалык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга;
  • мунай продуктуларын сатууда керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын бузууга жол бербөө;
  • мунай продуктуларынын зарыл запастарын камсыз кылуу жана алардын ички рынокто тартыштыгын болтурбоо.

Түзүлгөн макулдашуунун алкагында кызмат анын аткарылышын көзөмөлдөп, нефтетрейдерлер менен биргелешкен иш улантылат.

Пикир

Оставить комментарий