• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Катарда кыргыз делегациясы үчүн эркин экономикалык аймактарга таанышуу сапары уюштурулду

Экономика 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын Катардагы элчилигинин көмөгү менен AGRITEQ-2022 эл аралык көргөзмөсүнө катышып жаткан кыргыз компаниялар үчүн 13-мартта Катардын эркин экономикалык аймактарына (QFZ) таанышуу сапары уюштурулду.

ТИМден билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө Катар эркин аймактар башкармалыгы (QFZA) Катардын эркин экономикалык аймактарындагы компанияларга сунушталган инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана стимулдар боюнча презентация жасап, “Рас-Буфонтас” эркин зонасынын бизнес-инновация паркына таанышуу сапарын уюштурду.

Катар мамлекетинин сүт өнөр жайынын өндүрүштүк кубаттуулугу менен таанышуу максатында Кыргызстандын компанияларынын өкүлдөрү региондогу ири мал фермаларынын бири болгон Катардын “Баладна” компаниясынын мал фермасында да болушту.

Андан тышкары, кыргыз делегациясы үчүн Катардын ири Alfardan Group компаниясынын айыл чарба бөлүмүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө айыл чарба тармагындагы кызматташуунун келечеги, анын ичинде Катар рыногуна ата мекендик продукцияны жеткирүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий