• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бюджеттик чыгымдардын корголгон беренелери биринчи кезекте каржыланууда – Финансы министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Бюджеттик чыгымдардын корголгон беренелери биринчи кезекте каржыланууда. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, коронавирус пандемиясынан улам өлкөнүн экономикалык абалы оорлоп, экономиканын дээрлик бардык тармактарында жигердүүлүк төмөндөп, республикалык бюджеттин киреше бөлүгү азаюуда.

КР Финансы министрлигы жогорудагы жагдайларды эске алып, мамлекеттин социалдык кепилдиктерин камсыз кылуу үчүн бюджеттин корголгон беренелерин биринчи кезекте каржылоодо.

Алсак, мамлекеттик мекемелердин эмгек акыны жана төгүмдөрдү төлөөгө кетчү чыгымдары, башкача айтканда, социалдык муктаждыктарга чегерүүлөрү 2020-жылдын 1-апрелинен 6-апрелине чейин жалпысынан 336,1 млн сомду түздү, анын ичинде:

эмгек акы төлөөгө – 319,2 млн сом;

социалдык муктаждыктарга чегерүүлөргө / төгүмдөргө – 17,0 млн сом.

Ошондой эле быйылкы жылдын апрелине республикалык бюджеттен төмөнкүдөй көлөмдө акча каражаттары каралды:

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна (пенсияларды төлөө үчүн) 1 833,9 млн сом суммасында трансферттер каралып, анын ичинен 2020-жылдын 6-апрелине карата 500 млн сом бөлүнүп берилди;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна (негизги мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандырууну каржылоо үчүн) 750,0 млн сом суммасында трансферттер каралды;

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине (жөлөк пулдарды төлөө үчүн) 801,5 млн сом каралып, 2020-жылдын 6-апрелине карата 701,2 млн сом бөлүнүп берилди.

Жол тармагында жана ирригациялык инфраструктура, ошондой эле ичүүчү суу менен жабдуу жана сууну агызуу жаатында тийиштүү иштерди жүргүзүү үчүн 40,0 млн сом бөлүндү, анын ичинде:

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жол чарба департаментине – 20,0 млн сом;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигине – 20,0 млн сом бөлүндү.

Андан тышкары, ушул айга республикалык бюджеттин чыгашаларынын планы боюнча коммерциялык банктарга 250,0 млн сом суммасында акча каражаттары каралды, анын ичинде:

«Айыл чарбаны каржылоо – 8» долбоорун ишке ашыруу үчүн (бюджеттик насыя берүү үчүн) – 200,0 млн сом;

«Айыл чарбаны каржылоо – 5, 6, 7» жана «ФЭОП» долбоорлорун ишке ашыруу үчүн (пайыздык чендерди субсидиялоо боюнча) 50,0 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий