• 88.68
  • 95
  • 0.95

МСК: Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонуу жакшыртылат

Экономика 0

Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 17-февралда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонуу маселеси боюнча бизнес менен кезектеги жолугушууну өткөрдү.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, чай үстүндө баарлашуу форматында өткөн иш-чарага ишкерлер, бизнестин ар түрдүү тармактарындагы компаниялардын жана бизнес-коомчулуктардын өкүлдөрү катышты.

Тараптар салык салуунун актуалдуу маселелерин, бизнес менен мамлекеттин өз ара аракеттенүүсүн, ошондой эле электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды киргизүүгө байланыштуу көйгөйлөрдү талкуулашты.

Салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдувапов ведомствонун бизнес сунуштарын угууга жана көйгөйлөрдү чечүүнүн оптималдуу жолдорун чогуу иштеп чыгууга даярдыгын баса белгиледи.

Талкуунун жүрүшүндө Салык кызматы ЭТТК системасын киргизүүгө бизнестин реакциясына мониторинг жүргүзөрүн жана бизнеске ыңгайлуу болуш үчүн, аны жакшыртуунун үстүндө иштеп жаткандыгын белгиледи.

"Салык жол-жоболорун санариптештирүү компоненттерин киргизүүнүн түпкү максаты салыктык башкарууну модернизациялоо гана эмес, ошондой эле биздин ишкерлерге жагымдуу шарттарды түзүү, ар бир салык төлөөчүнүн ыңгайлуу иштеши, салык төлөө жана отчет берүү ыкмаларынын жөнөкөй болушу. Бул үчүн бардык кызматтарды электрондук форматка өткөрүп жатабыз", – деди Салык кызматынын төрагасы.

Алтынбек Абдувапов маалымдагандай, Салык кызматы жыл аягына чейин бир катар системаларды бириктирүү үстүндө иштеп жатат, бул салык жана ишкерлердин ишин жеңилдетет.

ЭТТКны колдонууда ишкерлерде пайда болгон кыйынчылыктарды эске алуу менен Салык кызматында быйыл айып санкциялары колдонулбайт, бул системага жеңил өтүүгө мүмкүндүк берет.

"ЭТТК мамлекетке гана эмес, бизнеске да керек. Муну жакынкы күндөрү өзүңөр байкайсынар. Кээ бирөөлөр ачык-айкын иштегиси келбегендиктен нааразылыктарын билдирип, коомчулукка туура эмес маалымат берип, товарлардын кымбатташынан коркуп жатышат. Алар менен да түшүндүрүү иштери жүрүп жатат", – деди А.Абдувапов.

Жыйынтыгында ал мындай жолугушуулар жана түшүндүрүү мүнөзүндөгү иш-чаралар системалуу негизде өткөрүлөрүн, бул ведомствого бардыгын көрүп-билип турууга, ал эми ишкерлер аларды кызыктырган бардык суроолорго жооп алууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 15-майынан бери мунай, мунайзаттарды жана товарларды жүгүртүүчү салык төлөөчүлөр, 2022-жылдын 1-июлунан бери Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилген тизмеге киргизилген товарларды жүгүртүү менен алектенген салык төлөөчүлөр ЭТТКны колдонушууда. 2023-жылдын 1-январынан тартып ЭТТКны товарларды жүгүртүү менен алектенген ишкерлер колдонууга тийиш.

Бүгүнкү күндө 55 миңден ашык ишкер Салык кызматынын маалыматтык системасында катталып, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонушууда.

Пикир

Оставить комментарий