• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Президент 0

Бишкек, 14.03.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-мартта, өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Дүйнөдө түзүлгөн кырдаалдан келип чыккан маселелер, мүмкүн болгон социалдык-экономикалык таасирдин сценарийлери, ошондой эле өлкөнүн аймагындагы эпидемиологиялык кырдаалды мындан ары турукташтыруу маселелери каралды.

Тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин баяндамалары угулду.

Талкуу жыйынтыгы боюнча президент Садыр Жапаров бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий