• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Жогорку окуу жайлар тарабынан берилген дипломдорду текшерүү иштери улантылууда

Коом 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар тарабынан берилген дипломдорду текшерүү иштери улантылууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Мамлекет башчынын бардык деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерде кош жарандуулуктун болушу жана жасалма дипломдорду колдонуу фактылары боюнча текшерүү тапшырмасынын алкагында УКМК тарабынан өлкөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк окуу жайлар тарабынан берилген дипломдорду текшерүү иштери улантылууда.

ЖОЖдор тарабынан берилген текшерүүдөгү дипломдордун саны жөнүндө маалымат:

- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик/Улуттук университети (КМУ – КМУУ) – 28;

- К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети (КУАУ) - 11;

- Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы (КМДжСА) - 5;

- И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети (КМУ) - 5;

- Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети (КМКТжАУ) - 3;

- Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы (КМЮА) - 2;

- Финансы-экономикалык академиясы - 1;

- Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясы - 2;

- К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети - 1;

- “Дастан” технологиялык университети - 1;

- Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлигинин алдындагы Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институту - 1;

- И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) - 1;

- Бишкек технологиялык колледжи - 1;

- Бишкек финансы-экономикалык техникуму - 1;

- Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) - 2;

- Ош технологиялык университети - 1;

- Жалал-Абад мамлекеттик университети (ЖАМУ) - 4;

- К.Батыров атындагы элдердин достугу университети - 2;

- Чүй университети - 1; - Токмок индустриалдык-педагогикалык техникуму - 1;

- К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети - 3;

- Москва ишкердик жана укук институтунун Каракол филиалы - 1;

- Балыкчы социалдык-экономикалык институту - 1;

- Ысык-Көлдөгү бухгалтердик эсеп мектеби - 1;

- Талас мамлекеттик университети - 1.

УКМК жогорку билими тууралуу документтерди мыйзамсыз даярдоо, жасалмалоо жана пайдалануу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин жана жарандын мамлекеттик кызматты мыйзамсыз ээлегенинин натыйжасында келтирилген зыяндын орду толтуруларын эскертет.

Буга байланыштуу УКМК жогорку билими бар боюнча жасалма документтерди колдонгондор же алардын келип чыгышынын аныктыгынан күмөн саноолор болсо, ыктыярдуу түрдө улуттук коопсуздук органдарына кайрылуусун сунуштайт. Аталган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат жана анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Пикир

Оставить комментарий