• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтынан 3 тонна таштанды чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 22.03.23. /Кабар/. Нооруз майрамынан кийин Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтынан 3 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, таштандыларды чогултууга "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 30 кызматкери, 1 атайын техника жана 1 сугаруучу машина тартылган.

Белгилей кетсек, кечээ, 21-мартта Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий