• 88.68
  • 95
  • 0.95

Көк бөрү: “Жаштык” биринчи лигадагы командаларды жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 22.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Аккула ат майданында "Нооруз - 2023" элдик майрамына арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдеш жыйынтыкталды.

Быйылкы оюн талаасында жогорку, биринчи жана экинчи лиганын курама командалары жана 40 жаштан жогоркулар арасында беттешти.

Биринчи лиганын финалында “Жаштык” менен “Четинди” командалары ойноп, 7:2 эсебинде “Жаштык” жеңишти илип кетти.

Ал эми Таластын “Ынтымак” командасы көк бөрү боюнча жогорку лиганын жеңүүчүсү болуп, аларга 1 млн сом байге берилди. Экинчи орунга “Сары-Өзөн”, үчүнчү орунга “Достук” командасы татыды.

40 жаштан жогоркулар арасында “Жети-Дубан” командасы, экинчи лигада “Көк-Жал” командасы биринчи орунга илинди.

Пикир

Оставить комментарий