• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2022-жылдын I кварталында айыл чарба техникаларын импорттоо эки эсеге көбөйдү

Коом 0

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 1-кварталына карата тракторлордун жана айыл чарба унааларынын импорттолушу былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсеге жогорулады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мамлекеттин колдоосу аркылуу үстүбүдөгү жылдын I кварталында өлкөгө бардыгы болуп 229 даана техника алып келинген.

Анын ичинен 151 даанасы трактор, 1 даана кайра иштетүү жабдуусу, 27 даана айыл чарба унаалары, 48 атайын техника жана 2 даана унаа каражаттары.

Техникалар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн Беларусия, Россия, Түркия, Кытай жана Германиядан алып келинген.

Пикир

Оставить комментарий