• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

21-марттан тарта Алматы-Бишкек жана Алматы-Ош аба каттамы иштей баштайт

Коом 0

Бишкек. 12.03.19 /Кабар/. Казахстандын регионалдык Qazaq Air авиакомпаниясы 21 марттан тарта Алматы-Бишкек-Алматы аба каттамын аткара баштайт. Бул тууралуу Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Башында каттамдар жумасына бир жолу, андан кийинки учуулар бир жумада 2 жолу болот.

Билеттердин баасы бир тарапка 2940 сомдон башталып, учуу 30 мүнөткө созулат.

Мындан тышкары, апрелдин аягында Qazaq Air Алматы менен Ош каттамы боюнча рейстерин аткара баштайт.

Пикир

Оставить комментарий