• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

23-июлга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 19.07.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 20-июлда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

21-22-июль күндөрү Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 21-июлда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

23-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 23-июлда күндүз жана 24-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ал эми 25-26-июль күндөрү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий