• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

25-февралга карата Кыгызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. Эртең, 25-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо жана Нарын облусунда маал-маалы менен кар жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо жана Нарын облусунда кар жаайт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13 градус, Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8, Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5 градус суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15 градус жылуу болушу күтүлөт.

Эртең, 25-февралда борбор калаабыз Бишкекте түнкүсүн жамгыр карга айланышы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 10...12 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий