• 88.68
  • 95
  • 0.95

Айыл чарба министрлиги сүт багытындагы бирдиктүү саясатты иштеп чыгууну пландаштырууда

Коом 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Кечээ, 23-мартта, айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Сүт кайра иштетүүчүлөр бирлигинин төрагасы Сүйүнбек Кадыров менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө бирдиктүү баа саясатын киргизүүгө, бүткүл республика боюнча сүттү сатып алуу баасына, өзүбүздөн өндүрүлгөн, сыртка экспорттолгон сүттүн сапатына жана майлуулугуна байланыштуу маселелер талкууланды.

Ошондой эле, сүттүн майлуулугун, сапатын, логистикасын (ташуу), сүт жана сүт азыктарында антибиотиктерди бирдиктүү негизин түзүү жана комплекстүү иш-чаралардын планын иштеп чыгуу маселеси талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында жумушчу топту түзүү пландаштырылууда жана ушул жумушчу топтун иш-аракеттеринин жыйынтыгы боюнча министр сүт багытындагы бирдиктүү саясатты иштеп чыгуу максатында, бардык сүттү кайра иштетүүчүлөрдү, ири сүт өндүрүүчүлөрдү, экспортерлорду жана импортерлорду чогултат.

Пикир

Оставить комментарий