• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-япон колорити. Дизайнер Олимпиадага спортчулардын параддык формасын түзүүнүн кылдаттыгын айтып берди

Коом 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда эң белгилүү болгон «Dilbar» мода үйүнүн негиздөөчүсү жана креативдүү директору, Токиодо өтө турган Олимпиадага катышууга Кыргызстандын спортчулары үчүн жаңы параддык формасынын жаратуучусу Дилбар Ашимбаева «Кабар» агенттигине жаңы экипировканын татаалдыгы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, КРнын Улуттук олимпиада комитети (УОК) менен кызматташуу ал үчүн жаңычылдык болгон.

«Мындан мурда биз 2012 жана 2016-жылдардагы Олимпидада спортчулар үчүн форма тиккенбиз. Анда бары формалардын жакшы тигилгенин айтышкан, ушуга байланыштуу УОК бул жылы дагы мода үйүнө мурдагы формага окшош болгон жаңы форма тигүүнү тапшырган. Менде тандоого бир-эки эскиз бар болчу, бирок биз азыркы вариантка токтолгон элек. Учурда мекендештердин көбүнө жакпай жаткан чапандын узундугу спортчулардын дене түзүлүшүнүн өзгөчөлүгүн эске алуу менен тандалып алынды», - деди ал.

Ошондой эле дизайнер жаңы форманы түзүүнүн концепциясы менен бөлүштү.

«Форманын концепциясы кыргыз жана япон колоритин өзүнө камтыйт. Биз кыргыз орнаментин тандап алып, бирок Олимпиада өтө турган өлкөнүкүн дагы унутта калтырган жокпуз. Ошентип, чапанга сакуранын жана ажыдаардын кабырчыгынын элеси түшүрүлдү. Ар бир орнамент жана сүрөт менин кол ишим жана белгилүү бир маанини берет», - деп түшүндүрдү ал.

Мындан тышкары, Ашимбаева көпчүлүк жарандар формада КРнын символдорунун жоктугуна нааразы болуп жатышканын билдирди.

«Биз үчүн чапандарды ыңгайлуу жана стилдүү кылып тигүү маанилүү болгон. Ушуга байланыштуу биз үстүңкү кийимдерге КРнын символдорун кошпой эле коюну чечкенбиз. Бирок гербдин жана Олимпиаданын башка логотиптеринин сүрөтү жоолуктарда жана көнйөктөрдө (рубашка) бар»,-деп белгиледи дизайнер.

Муну менен катар ал ар бир форманын баасы (95 миң сом) мындай көлөмдөгү иш үчүн өтө деле кымбат эмес экенин кошумчалады.

«Бизге нөлдөн баштап 2 айда жаратуу керек болду. Бул мындай масштабдуу иш үчүн кыска мөөнөт. Процесстин өзү дагы бир топ эмгекти талап кылып, кымбатка турат», - деп бөлүштү Ашимбаева.

Эскерте кетсек, эркектер үчүн параддык форманын комплектисине чапан, калпак, бут кийим, көйнөк жана шым, ал эми кыздар үчүн чапан, моюнга жибек жоолук, көйнөк жана бут кийим кирет. Жалпысынан параддык форманын 34-35 экземпляры тигилген. Форманы тигүүгө каражатты УОК берген.

Спортчуларга спорттук форма «Tectop» кытай компаниясы тарабынан акысыз негизде берилет.

Эскерте кетсек, мындан мурда ЖМКларга КР спортчулары Токиодо өтө турган Олимпиаданын ачылыш аземине кие турган жаңы параддык форманын сүрөттөрү жарыяланган. Чапандар жарандардын терс реакциясын пайда кылган.

Маалымат үчүн: Токиодогу жайкы Олимпиада оюндары 2020-жылы өтүшү керек болчу, бирок Эл аралык олимпиада комитети COVID-19 пандемиясына байланыштуу оюндарды 201-жылы өткөрүүгө жылдырган. Ошентип, Токиодогу Олимпиада оюндары 23-июлдан 8-июлга чейин өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий