• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Ибраимов Беларустун Авиация департаментинин директору менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Минск шаарында Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрмек Ибраимов Беларустун Транспорт жана коммуникация министрлигинин Авиация боюнча департаментинин директору Артем Сикорский менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы авиациялык каттамдар боюнча актуалдуу маселелерди, ошондой эле мындан аркы кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин такуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Ибраимов эки өлкөнүн ортосунда түз авиа каттамдарды ачууга кыргыз тарабынын кызыкдар экендигин билдирди жана «Avia Traffic Company» авиакомпаниясы тарабынан Бишкек – Минск – Бишкек жана Ош – Минск – Ош маршруту боюнча үзгүлтүксүз эл аралык аба ташууларды аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын авиациялык бийликтеринин тиешелүү документтерин беларус тарапка тапшырды.

Беларус тарап, өз кезегинде кыргыз тараптын түз авиарейс ачуу боюнча сунушун кубаттап, бул сунушту колдой тургандыгын жана өз кезегинде тиешелүү көмөк көрсөтөрүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий