• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаңы КПКда жана пробация тууралуу мыйзамда кемчиликтер бар, биз аларды жок кылуудабыз – Разаков

Коом 0

Бишкек, 15.01.19. /Кабар/. Жаңы кылмыштык-процессуалдык кодексинде жана пробация тууралуу мыйзамда кемчиликтер бар, алардын үстүнөн иштер жүрүүдө. Бул тууралуу “2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстердин нормалары” тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кабарлаган.

Анын айтуусунда, майда кылмыштар кодексинде жеңил кылмыштар тууралуу айтылган, мисалы, буга 10 миң сомго чейинки уурулук кирет. Ал жакта жаза катары ар турдүү коомдук жумуштар жазылган.

Разаков кошумчалагандай, былтыркы жылдан тарта баардык тергөөчүлөрдүн бөлмөлөрү ишке керектүү жабдуулар жана Интернет менен жабдылган. Бирок ал жакта да кемчиликтер бар.

“Жабдууларды колдонуу жана Интернеттин начардыгы тууралуу аймактардан 700дөн ашык телефон чалуулар келип түшкөн. Так ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн жумушчу топтор түзүлгөн. Бүгүнкү күндө Интернет боюнча маселе жок. Айта кетчү нерсе, башында кемчиликтер болушу мүмкүн, бирок биз аларды чечүү боюнча иштерди алып баруудабыз”, - дейт вице-премьер.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 1-январдан баштап жаңы кылмыштык-процессуалдык кодекстер жана пробация тууралуу мыйзам күчүнө кирген.

Пикир

Оставить комментарий