• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Актёр Азиз Мурадиллаевдин боорун алмаштыруу үчүн донор керек болууда

Коом 0

Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. Актёр Азиз Мурадиллаевдин боорун алмаштыруу үчүн тез аранын ичинде донор керек болууда. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтуусуна таянсак, актердун апасы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Анара Садыгалиева донор болмок, бирок жашы туура келбей калган.

"Актердун калган жакындары жана туугандары да туура келбейт экен. 26 жаштагы кыз донор болууга макул болгон, бирок анын канынын тобу туура дал келбей калды", - деди Молдокматова.

Эске сала кетсек, мындан бир нече кун мурун Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадиллаев оор абалда Бишкектеги ооруканалардын бирине жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ассоль Молдокматова актердун боорун алмаштыруу үчүн тез арада чет өлкөдө операция жасалышы керектигин айтып, ал үчүн 45 миң АКШ доллары сарптала тургандыгын маалымдаган.

Актерго жардам берүү максатында башталган атайын акциянын алкагында бир күндө 3 миң 270 доллар чогулган. Дарыланууга жетпей жаткан 42 миң долларды 4-декабрда президент Садыр Жапаров которгон.

Актерго кайрадан боордун циррозу диагнозу коюлган.

Пикир

Оставить комментарий