• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

3-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек. 02.02.19 /Кабар/. Синоптиктердин маалыматы боюнча, Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында 3-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

Эртең менен жана күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда бир аз жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8, Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5, Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -2…-7.

Пикир

Оставить комментарий