• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шаршембиев: Алматыдагы санариптик форумда Компетенция борборун түзүү маселеси каралды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.02.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Алматы шаарында өткөн "Глобалдаштыруу доорундагы санариптик күн тартиби 2.0" форумунда Компетенция борборун түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Маалымат технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев кабарлады.

Анын айтуусунда, Кыргызстан санариптик күн тартиби боюнча активдүү иш алып барууда. Кыргызстанда 2015-жылдан тартып интеграциялык шлюз иштеп жатат. Азыркы убакта кээ бир мамлекеттик органдарда онлайн режимде документтерди алмашуу жүргүзүлөт. Андан тышкары форумда интеграция боюнча көп темалар талкууланды.

Шаршембиев билдиргендей, "Түндүк" системасы, "Коопсуз шаар" сыяктуу долбоорлор өз нугу менен ишке киргизиле берет.

"Биздин долбоорлор, биздин стандарттар боюнча иштей берет, бирок кийинчерээк Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ичинде кабыл алынган стандарттарга интеграцияланат", – дейт ал.

Андан тышкары, Россия Кыргызстан үчүн интеграция жактан үлгү боло алат.

"Россия тарабынан интеграция боюнча көп жумуштар аткарылды. Алар тараптан биздей өлкөлөргө жардам беребиз деген ойлор айтылууда. Ошондой эле компетенция борборун түзүү боюнча да бир нече ойлор айтылылган. Ошол борбордун алкагында материалдык жана долбоордук жардамдар көрсөтүлүүсү каралат", – деди комитеттин башчысы.

Пикир

Оставить комментарий