• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда балдарды эмдөө үчүн Pfizer вакцинасынын 600 миңден ашык дозасы колдонулду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. Өзбекстанда 27-декабрга карата ата-энесинин макулдугу менен 12 жаштан 18 жашка чейинки курактагы балдарга Pfizer вакцинасынын 607 083 дозасы сайылды.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 432 641 бала вакцинанын биринчи дозасын алса, 174 442 балага эки дозасы тең сайылган.

Өзбекстанда калкты жапырт эмдөө башталган апрель айынан бери жалпысынан COVID-19га каршы вакцинанын 38 681 611 дозасы пайдаланылды.

27-декабрда Саламаттык сактоо министрлиги өлкө боюнча акыркы суткада коронавирус 100 кишиден аныкталып, COVID-19 жуктургандардын жалпы саны 198 487ге жеткенин билдирген. Мындан тышкары акыркы 24 сааттын ичинде дагы үч бейтап каза болуп, коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 1484 кишиге жеткен.

Пикир

Оставить комментарий