• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

3нөн 9-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 03.12.18. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 3нөн 9-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, бүгүн, 3-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

4-6-декабрь күндөрү жана 7-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 7-декабрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

8-декабрда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

9-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий