• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ААРнын алкагында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топ түзүлөт

Президент 0

Бишкек, 15.02.24./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча эксперттик жумушчу топ түзүү жөнүндө тескемеге кол койду.

Эксперттик жумушчу топтун курамына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, министрликтердин, администрациялык ведомстволордун өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү киргизилген.

Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемеси менен эксперттик жумушчу топко 2024-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 224 “Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иштер жөнүндө” чечими менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтун кароосуна өткөрүп берүү тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий