• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абдикарим Алимбаев Баткен облусунун башчысы болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 05.05.21. /Кабар/. Абдикарим Алимбаев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Буга чейин Алимбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары – Башкы штабдын башчысы кызматын ээлеген. Ал 1973-жылы туулган.

Ага чейин Баткен облусунун башчысы кызматын Өмүрбек Суваналиев ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий