• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абдикерим Алимбаев: Облустагы кырдаалды толук турукташтырууда ар бир мекеме жетекчисинин жоопкерчилиги бар

Аймак 0

Бишкек, 15.05.21. /Кабар/. КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикерим Алимбаев, бүгүн 15-майда, буга чейин кыргыз-тажик чек арасында орун алган акыркы окуядан улам түзүлгөн кырдаал боюнча, облустук мекеме ишканалардын жетекчилери менен жыйын өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Облус башчысы биринчи кезекте жарандардын турак үйлөрүн куруу иштери менен катар, алардын чек арадагы окуяда жоголгон, өздүгүн тактоочу документтерин калыбына келтирүү иштерин тездетүүнү тапшырды.

Маалым болгондой бүгүнкү күнгө Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан ID кард үлгүсүндөгү паспорт алуу үчүн 49, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн 2, нике күбөлүгүн алуу үчүн 1 жарандын арызы кабыл алынган. Жакынкы күндөрү 17 жарандын паспорту, ээлерине тапшырылат.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл чек ара аймактарындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн ЖРТ маселесин көтөрдү. Орун алган окуяларга байланыштуу жана Баткен облусунун өлкө борборунан алыстыгын, шартынын катаалдыгын эске алып, ЖРТнүн босого балын төмөндөтүү, жеңилдиктерди тберүү боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды.

Абдикарим Алимбаев жетекчилерге облустун ар бир айылын мектеп, бала бакча, спорт аянтчасы жана ФАП менен камсыздоо боюнча программа даярдоо, эл аралык кызматташууну жандантуу менен инвестиция тартуу, алыскы айылдарда жумуш орундарын түзүүчү ишканаларды куруу, жазгы талаа жумуштарын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн сугат суунун жетиштүүлүгүн камсыздоо маселелерин койду.

Белгилей кетсек бул жыйын бүгүн 15-майда саат 10: 00гө пландаштырылган болчу. Тилекке каршы жыйынга облустук мекеме ишканалардын жетекчилеринин 70% келбегендиктен, жыйын кечки саат 17:00гө жылдырылган.

Ыйгарым укуктуу өкүл жетекчилердин кайдыгер мамилесин сынга алып, облустагы кырдаалга байланыштуу, бардык мамлекеттик мекеме ишканалар күчөтүлгөн тартипте иштөөсү талап кылынаарын белгиледи.

Ошондой эле облуста кырдаалды толук турукташтыруу, чек ара аймактарында калыбына келтирүү жумуштарын бүткөрүү, жарандарды турак жай менен камсыздоо, аларды мурдакыдай жай турмушка алып келүү боюнча ар бир мамлекеттик мекеменин жетекчисине зор жоопкерчилик жүктөлгөнүн белгилеп, жыйынга келбеген жетекчилерге тартиптик чаралар көрүлөөрүн айтты.

Пикир

Оставить комментарий