• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев: Бишкек дайыма ар тараптуу маданияттын жана толеранттуулуктун үлгүсү болуп келген жана кала берет

Өкмөт 0

Бишкек,29.04.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн мекендештерди үстүбүздөгү жылы Бишкек шаарынын негизделгендигине 140 жыл толушу менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

«Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана меймандары!

Жалпыңыздарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сүйүктүү борбор калаабыздын 140 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Мезгил менен утурлаш келе жаткан Бишкек шаарынын өзгөчө тарыхы жана мээрман эли бар. Эски Пишпек, жашыл Фрунзе, эгемендүүлүктөгү Бишкек меймандос, карапайым жана таланттуу тургундары менен ар дайым сыймыктанып келген. Ар бир кыргызстандык үчүн Бишкек дайыма ар тараптуу маданияттын жана толеранттуулуктун үлгүсү болуп келген жана кала берет.

Бүгүн эгемендүү Кыргыз Республикасынын борбор калаасы динамикалуу жашоосун өткөрүп жатат. Учурда Бишкек – жаркын келечекке умтулган шаар. Шаар куруу жана шаардык башкаруу методдорунда, мэриянын иштөө системасында, өнөр жай зоналарында, архитектуралык жана ландшафттык дизайн жаатында концептуалдуу өзгөрүүлөр болууда.

Борборубуздун ички дүң продукциясынын көлөмү 2011-жылы 96 млрд. сомду түзсө, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 182 млрд сомго жетти, же өлкөнүн жалпы ИДПга карата шаардын салыштырма салмагы 36,8% түздү. Бул жетишкендикте ар бир шаар тургунунун салымы чоң.

Бишкек – мекенибиздеги урбанистикалык чечимдердин флагманы. Ошондуктан борборубузда кыргызстандыктардын жашагысы, окугусу жана иштегиси келет. Анда адам ресурстары шаар турмушуна кеңири тартылып, жаңы мүмкүнчүлүктөр жеткиликтүү саналат.

“Акылдуу шаар” инновациялык долбоорунун ишке киргизилиши борборубуздун өнүгүү баскычындагы маанилүү учурлардан болуп калмакчы. Жакынкы арада мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин натыйжалуу пайдалануу менен масштабдуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу зарыл.

Кымбаттуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атыман ар бир шаар тургунуна борбор калаабыз сүйүктүү жана кадыр-барктуу шаарга айланышын каалаймын. Аны гүлдөтүп өркүндөтүү ар бирибиздин колубузда.

Бишкек ар дайым түбөлүк жаш жана гүлдөгөн шаар болсун. Ал эми ар бир шаар тургунунун жашоосу мээримдүүлүккө, сүйүүгө жана жан дүйнө жылуулугуна, кубанычка жана келечектеги ишенимдерге толуп турсун.

Баарыңыздарга бекем ден соолук, ишиңиздерге ийгиликтерди, үй-бүлөңүздөргө бакубатчылык жана бакыт-таалай каалайм!».

Пикир

Оставить комментарий