• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкөдө 2017-2021-жылдарга айыл чарба кооперативдик системасын өнүктүрүү концепциясы бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 25-апрель /Кабар/. Айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү маселесин чечүү жана 2021-жылга чейинки республиканын социалдык-экономикалык өнүгүү максаттарын ишке ашырууга көмөктөшүү, финансылык-экономикалык маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасында 2017-2021-жылдарга айыл чарба кооперативдик системасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө токтомго кол койду. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Аны ишке ашыруу максатында, айыл чарба кооперативдеринин натыйжалуу иштөөсү үчүн жагымдуу укуктук шарттарды түзүү, чарба жүргүзүүнүн кооперативдик формасынын финансылык-кредиттик колдоо механизмин өркүндөтүү, айыл инфраструктурасын уюштуруу жана айыл чарбасында кооперативдик башкаруу элементтерин киргизүү жана айыл чарба кооперативдерин илимий маалыматтык-консультациялык жана кадрдык жактан камсыздоо системасын өнүктүрүү багытында иштер аткарылат.

Концепциянын негизинде республикада айыл чарба кооперативдик кыймылы 2 этапта – кыска жана орто мөөнөттүү мезгилдерде ишке ашат. Кыска мөөнөттүү (2017-2018-жылдар) мезгилде айыл чарба кооперативин өнүктүрүүгө дем бере турган бир нече маселелерди чечүү, ал эми орто мөөнөттүү (2019-2021-жылдар) мезгилде агрардык сектордо айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, тейлөө, кредит берүү, камсыздандыруу, жабдуу жана сатуу чөйрөсүндө туруктуу жана стабилдүү өнүгүп жаткан айыл чарба кооперативдерин түзүү жолу менен кооперативдик инфраструктураны уюштурууга багытталган.

Долбоор финансылык ресурстар инвесторлордун каражаттарынан, банктардын кредиттеринен, ошондой эле айыл чарба кооперативдеринин, финансылык донорлордун каражаттарынан жана «Айыл чарбасын каржылоо» мамлекеттик долбоорунун алкагында ишке ашат.

Пикир

Оставить комментарий