• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өкмөт: Окуучулардын аралыктан билим алуусуна тийиштүү шарттар түзүлүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 05.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мектеп окуучуларынын онлайн режиминде билим алуусу боюнча маалымат айдыңында айтылган сынга түшүндүрмө берет.

Өлкөдө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу балдардын ден соолугун жана өмүрүн сактоо үчүн билим берүү уюмдары окутуунун дистанттык формасына өттү. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жалпы жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде өтүлүүчү предметтик сааттар боюнча видеосабактарды уюштурууда. Аралыктан билим берүү Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Баластан», Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын «Илим жана билим» каналы аркылуу жүзөгө ашырылууда.

Ал эми мобилдик тиркемелер аркылуу мугалимдер менен окуучулардын кайтарым байланышы уюштурулуп жатат.

Өлкө аймагындагы мектептердин 99% интернетке туташкан. Учурда мугалимдер мектептен окуучулар менен жадыбал боюнча байланышууда. Мектептердеги интернеттин сапаты, ылдамдыгы кайтарым байланышты уюштурууга жарамдуу.

Учурда сыналгы жана смартфону жок окуучуларга айтылган каражаттарды сатып берүү боюнча иштер жигердүү жүрүүдө.

Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу, тоолуу, интернет байланышы жок аймактардагы мектептерде окутуу салттуу түрдө жүрүп жатат.

Мугалимдерге, окуучуларга жана ата-энелерге методикалык жана психологиялык колдоо көрсөтүү жана бардык суроолоруна жооп берүү үчүн ар бир облустук усулдук билим берүү борборлорунда, райондук билим берүү бөлүмдөрүндө ыкчам байланыштар уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий