• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев «Достук» көзөмөл-өткөрүү жайындагы кезек маселесин ыкчам тартипте чечүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 25.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 25-майда, өлкөнүн көзөмөл-өткөрүү жайындагы кырдаалды талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Өкмөт башчы акыркы мезгилде коомчулуктан өткөрүү бекеттериндеги, анын ичинде Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы “Достук-унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайындагы узун кезектерге көп сандаган даттануулар түшүп жатканын белгиледи.
Премьер-министрдин айтымында, өткөрмө бекеттери аркылуу өтүүдө өлкө жарандары жана чет элдик коноктор үчүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл.
Мухаммедкалый Абылгазиев адамдар кандайдыр бир ыңгайсыздыктарды сезбеши керектигине өзгөчө басым жасады.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, «Достук» өткөрүү жайындагы кезектер кыргыз-өзбек чек арасы аркылуу өтүүнү каалагандардын санынын көптүгүнө байланыштуу экенин маалымдады.
Ал азыркы тапта “Достук-унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу суткасына 8 миң адамды өткөрүү мүмкүнчүлүгүндө күн сайын кеминде 12 миң адам өтүп жатканын билдирди.
Ошондой эле МЧК төрагасы адамдардын агымы Кыргызстандын базарларында дүң соода кылуу күндөрү - шейшемби жана ишембиде товар ташууга байланыштуу көбөйүп жатканын кошумчалады.
Анын айтымында, буга чейинки тапшырмага ылайык, МЧК тарабынан бул өткөрүү жайындагы паспорттук көзөмөл кабинасынын саны 14кө чейин көбөйтүлгөн.
Өкмөт башчы бул чаралардын жетишсиздигин ырастап, “Достук-унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайынын өздүк курамын ыкчам түрдө көбөйтүп, тиешелүү каржылоо маселелерин чечүүнү тапшырды.
Мындан тышкары анын реконструкциясын тездетип жана “Ак-Жол-унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайын модернизациялоону үстүбүздөгү жылдын күзүндө баштоону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий