• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте аялдын моюнунан алтын чынжырды жулуп кеткен адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишке, 25.05.18. /Кабар/. Бишкекте ууру аялдын моюнундагы алтын чынжырын жулуп качкан. Шектүү 25 жаштагы Б.у.А. кармалып, соттун чечими менен СИЗО-1 эки айга камакка алынды.

Маалыматка ылайык, милицияга аял кайрылып, 20-майда борбордун сейил бактарынын биринен белгисиз жигит анын моюнунан алтын чынжырды жулуп кеткенин айткан.

Натыйжада жабырлануучуга 15 миң сом зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий