• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев инвестициялык бизнес-долбоорлорду тандоо боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 30.08.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөткө караштуу Сынак комиссиясы тарабынан тандалган инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфратүзүмдүк долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2019-жылга карата аймактарды өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен каралган 2 млрд сом өлчөмүндөгү каражаттарды натыйжалуу пайдалануу зарыл.

«Биз аймактарды өнүктүрүү жана ишкерлердин ишмердүүлүгүн колдоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө бардык күч-аракетибизди жумшоого тийишпиз. Бул маселеде финансылык институттардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара иштешиши маанилүү», - деди ал.

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкарбек Адилбек уулу каржылоо үчүн бизнес-долбоорлорду тандоо боюнча өкмөткө караштуу Сынак комиссиясы аткарган иштер тууралуу айтып берди. Келип түшкөн 137 долбоордун ичинен 4 долбоор тандалды: Талас облусундагы кызыл жана боз гранитти иштеткен ишкана, Баткен облусундагы органикалык кургатылган өрүктү өндүрүүчү ишкана, Интернет-провайдер, Жалал-Абад облусундагы кремнийдин металлургиясын чыгара турган ишкана.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөтүлгөн бизнес-сунуштарды сапаттуу иштеп чыгууну тапшырды.

Мындан тышкары аймактарды өнүктүрүү каражаттарынын эсебинен каржылоого жетишүү механизми боюнча бизнес-коомчулук жана кызыкдар мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдары арасында кеңири жана даректүү маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий