• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев «Жерүй» алтын кенине барды

Өкмөт 0

Бишкек, 06.07.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Талас облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында «Жерүй» кенине барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Альянс Алтын» компаниясынын башкы директору Михаил Шубин өкмөт башчыга кенде жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Анын маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү алтын чыгаруучу фабриканын курулушунун жалпы көлөмүнүн 50% аяктаган. Комбинатты үстүбүздөгү жылдын октябрында ишке киргизүү пландалууда.

Михаил Шубин бул долбоорго салынган инвестициялар тууралуу билдирип, кенде 1 миңден ашык жумуш орду түзүлүп, 90% иш орундары Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн берилерин белгиледи.

Премьер-министр курулуп жаткан объекттер, анын ичинде алтын чыгаруучу фабриканын башкы корпусун жана калдыктарды сактоо жайды көрүп чыкты.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди эске алганда мындай ири инвестициялык долбоор өзгөчө маанилүү.

Премьер-министр компания мамлекеттин алдындагы милдеттерин толук көлөмдө аткарып жана кендеги бардык курулуш иштерин өз убагында аяктоону камсыз кылып жатканын белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев ишкананын жамааты менен маектешип, компетенттүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине аткарылып жаткан иштердин жогорку сапатын камсыз кылуу максатында «Альянс-Алтын» компаниясына кол кабыш кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Өкмөт башчы бардык экологиялык жана техникалык талаптарды аткарууга көзөмөлдү камсыз кылуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Пикир

Оставить комментарий