• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айдаркен, Кадамжай шаарларынын айрым жерлеринде жаратылыш газы өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 25.05.21. /Кабар/. 27-майда Айдаркен жана Кадамжай шаарларынын айрым райондоруна жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасы билдирет.

Айдаркен шаарындагы жаратылыш газынын өчүрүлүшү абоненттердин үйлөрүнө берилген жаратылыш газынын басымын төмөндөтүүнү камсыз кылган шкафтык газды жөнгө салуучу жайларында оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.

Кадамжай шаарындагы газдын өчүрүлүшү шаар тургундарын газ менен камсыздаган «Узтрансгаз» компаниясынын магистралдык газ өткөргүчүндөгү оңдоо иштеринин жүргүзүлүшү менен байланыштуу.

Жогорудагы иштер профилактикалык жана келечектеги авариялык учурларды алдын алуу болуп саналат.

Жаратылыш газы өчүрүлө турган району жана убактысы:

- саат 08:00дөн 17:00гө чейин Айдаркен шаарынын Гагарин, Базарная, Раззаков, Кенчилар, Гауян, Шевченко, Кыргызстан, Некрасов көчөлөрү;

- саат 12:00дөн 16:00гө чейин Кадамжай шаары.

"Газпром Кыргызстан" компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт. Жаратылыш газын колдонууда коопсуз, ыңгайлуу жана жеткиликтүү болушун каалайт.

Пикир

Оставить комментарий