• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ОшМУда университеттер аралык аймактык X студенттик олимпиада өттү

Аймак 0

Бишкек, 30.05.23. /Кабар/. ОшМУда университеттер аралык аймактык X студенттик олимпиада өттү.

Окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришкендей, олимпиада студенттердин предметтерди тереңдетип үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттыруу жана жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасында илимий жана чыгармачылык ишмердүүлүккө кызыгууну өнүктүрүү максатында уюштурулду.

Иш-чарага өлкөнүн түштүк аймагындагы жети окуу жайдын - ЖАМУ, ЭАУ, ИТЭИ, КӨЭАУ, ОшТУ, ОшМПУ, БатМУнун илимий иштер боюнча проректорлору, илим бөлүмүнүн башчылары, 500дөн ашуун студенттер жана жооптуу окутуучулар катышты. Ал эми ОшМУнун студенттери катышкан жок, аларга конкурстан сырткары олимпиада өткөрүлүп, жыйынтыгы чыгарылат.

Окуу жайдан белгилешкендей, олимпиада жылдагыдан өзгөчөлөнүп тесттик тапшырмаларды Ош мамлекеттик университетинин жооптуу окутуучулары түзүп, санариптештирүү менен өткөрүлдү.

Олимпиаданын жеңүүчүлөрү аныкталып, 1-орун 35 студентке, 2-орун 35 студентке жана 3-орун 35 студентке ыйгарылып, 1-2-3-даражадагы дипломдор жана белектер берилди.

Кезектеги университеттер аралык аймактык XI студенттик олимпиаданы өткөрүү эстафетасы ОшТУга берилди.

Пикир

Оставить комментарий