• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында имамдар ишембилик өткөрүп, көчөт отургузушат

Аймак 0

Бишкек, 16.03.18 /Кабар/. Ош шаарында имамдар ишембилик өткөрүп, көчөт отургузушат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, Ош шаардык казыятына караштуу «Имам-Аль Бухарий Алай» мечитинде шаардагы жалпы имамдарга жыйын болуп, ага Ош шаарынын казысы Убайдила ажы Сарыбаев, казынын орун басары Анасхан ажы Ташхужаев, казыяттын Чыгыш-Батыш хатибиятынын баш имам-хатибтери жана казыят кызматкерлери катышты.

Имамдарга өткөрүлгөн жыйын алкагында КМДБнын №142 буйругун ишке ашыруу максатында мечиттердеги тазалык, чарбалык иштерти баштоо жана намазга келген жарандарга шарт түзүп берүү, ар бир намазда азанды өз убагында айтуу, жума хутбасын КМДБ тарабынан бекитилген тартипте өткөрүү, март-апрель айларында ар бир мечиттердин айланасында көчөттөр отургузуп, ишембилик уюштуруу жана дин кызматкеринин жергиликтүү аймактарда мамлекеттик органдар менен иш алып баруусу каралды.

Ошондой эле Ак-Буура Чыгыш жана Ак-Буура Батыш хатибиятынын баш имам хатибтери Мирлан ажы Токтомушов менен Мурзакул каары Осмоновдор отчет беришип, имамдардын кетирген кемчиликтерин эске алуу менен бир катар эскертүүлөрдү беришти.

Пикир

Оставить комментарий