• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Аделина, Адилет жана Аделя. Жалал-Абадда төрөлгөн үч эм үйүнө чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 12.04.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 31-мартында Жалал-Абад облустук төрөт үйүндө үч эм жарык дүйнөгө келген. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн үч эмдин энеси чүрпөлөрү менен үйүнө чыгарылды. Бөбөктөргө Аделина, Адилет жана Аделя деген ысымдар ыйгарылган.

"Шаар мэри Эрнисбек Ормоков барып, наристелердин абалынан кабар алды. Калаа башчы үч эмдин жакындары менен жолугуп, энеси Гүлнара Бүркүтовага резервдик фонддон 15 миң сом акча каражатын тапшырды", - деп билдиришти.

Мэриядан үч эмге үй берүү маселеси да көтөрүлгөндүгүн кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий