• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жайыл жана Панфилов райондорунда мыйзамсыз ишке тартуу боюнча рейд жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 07.12.20. /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондорунда мыйзамсыз ишке тартуу боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын (Мамэкотехинспекция) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери тарабынан Жайыл жана Панфилов райондорунда жайгашкан унаа жуучу жайларда, кафе-ресторандарда, базарларда өспүрүм жашы жете элек балдарды мыйзамсыз ишке тартуу боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө ишкердик субьектилердин ээлерине жана администраторлоруна 18 жашка чейинки курактагы адамдардын эмгегин эмгек шарттары зыяндуу жана кооптонуу жумуштарда, адеп-ахлактык өнүгүшүнө зыян келтире турган жумуштарда колдонууга тыюу салынары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле жашы жете элек өспүрүм балдарды ишке алууда кандай мыйзамдын жана беренелердин негизинде алууга боло тургандыгы боюнча билдирүү кагаздары берилди.

Пикир

Оставить комментарий