• 88.68
  • 95
  • 0.95

Катуу бороон! Ош - Эркечтам унаа жолу убактылуу жабылды

Аймак 0


Бишкек, 11.04.23. /Кабар/.Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Катуу бороондон улам жолдо кар күрткүсү пайда болуп, жол жабылды.

“Жеринде №960 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп жатат. Тазалоо иштери 214-227-чакырым аралыгында жүрүүдө. Бороон басылары менен жолдогу абал калыбына келтирилип, бардык тарапка каттам ачылат”, - деп айтылат маалыматта.

Ал эми аталган жолдун Талдык ашуусунда карды тазалоо жумуштары жүрүп, унаа кыймылына чектөөлөр жок.

Пикир

Оставить комментарий